Электр энергияны сарамжалдуу пайдалануу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы өз кеңселериндеги жана айрым өндүрүштүк жайларындагы жарыктарды атайын автоматтык түрдө өчүп-жанган лампаларга алмаштырды.
Бул лампалар бөлмөдө кыймыл болгондо гана күйүп, адам чыккандан кийин автоматтык түрдө өчөт. Натыйжада электр энергиясын текке кетирүү азаят.
Мындай акылдуу жарык берүү системалары энергияны үнөмдөөдө чоң роль ойнойт. Алар ишканаларда, кеңселерде, билим берүү жана социалдык мекемелерде колдонулганда электр энергиясынын чыгымын 20–30 пайызга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы электр энергияны үнөмдөөчү жана акылдуу технологияларды жайылтуу боюнча иш-чараларды улантууда. Максат — ар бир керектөөчүнү энергияны туура пайдаланууга үйрөтүү, тармактагы чыгымдарды азайтуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна салым кошуу.
Бул демилге — электр энергиясын үнөмдөө боюнча үлгүлүү кадам, жана ар бирибиздин күнүмдүк жашообузда да колдонууга татыктуу ыкма.