Электр чубалгыларын бак-дарактардан тазалоо иштери жүрүүдө
27 Август 2026 ж.
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Баткен РЭТ ишканасы, 2026-2027-күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында иштерин аткарууда.
Иштин жүрүшүндө 35/10кВ "Животноводческая" көмөк чордонунан камсыздалып турган 10 кВ "Живпром" жана 10 кВ "Төрт-Гүл" аба чубалгыларынын эскилиги жеткен мамыларын алмаштыруу жана бак дарактардан тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.