Электр энергиясын жеткирүү жана суу-энергетика маселелери боюнча министрлердин жолугушуусу болду
16 Май 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев 2025-жылдын 13-14-май күндөрү Ташкентте иш сапары менен болду.
Аталган иш сапардын алкагында министри бир катар иш-чараларга катышты.
1-Өзбекстандын эл аралык энергетикалык жумалыгы;
Алгач КРнын энергетика министри Т.Ибраев, министрдин биринчи орун басары Э.Ысманов, ошондой эле "Электр станциялар" ААКнын директору А. Садыров жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору А.Рысбеков Ташкенттеги "Өзбекстан эл аралык энергетика жумалыгы" аталышындагы көргөзмө форумуна катышты.
Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын бүтүндөй энергетикалык тутумун иштеп чыгуудан тартып бөлүштүрүүгө жана керектөөгө чейин жакшыртуу үчүн Кытай жана Европалык компаниялардын продукциялары жана жабдуулары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Күн панелдери үчүн кытайдын күн нурунун кыймылын жөнгө салуучу заманбап механизмдер менен таанышып, электр энергиясын натыйжалуу заманбап акылдуу эсептегичтер, электр энергиясын ишенимдүү бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон кабелдер көрсөтүлдү.
2- Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын энергетика министрлеринин электр энергиясын жеткирүү жана суу-энергетика маселелери боюнча жолугушуусу;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.О.Ибраев, Казакстан Республикасынын энергетика министри Е.К.Аккенжанов, Казакстан Республикасынын суу ресурстары жана ирригация министри Н.М.Нуржигитов, Өзбекстан Республикасынын энергетика министри Ж.Т. Мирзамахмудов жана Өзбекстан Республикасынын Суу чарба министри Ш.Р.Хамраев катышуусу менен суу-энергетикалык кызматташтык маселелери боюнча суу чарба жана энергетика ведомстволорунун жетекчилеринин отуруму болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылы Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан Кыргыз Республикасына электр энергиясын жеткирүү, транзиттөө боюнча маселелер жана 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясынын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Тараптардын жолугушуусунун алкагында энергетика тармагындагы буга чейинки кызматташтык жана мындан аркы аткарыла турган иштердин планы тууралуу талкуу болду. Ошондой эле тараптар суунун көлөмү, суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өлкөлөр аралык энергетика тармагында бири-бирине болгон колдоо көрсөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүздү.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселеси боюнча жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.