Колл - борбор: 105,1209

Энелер күнү менен куттуктоо

18 Май 2025 ж.

Урматтуу энелер!
Сиздерди эң мээримдүү жана ыйык майрам – Энелер күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздердин мээнетиңиздер, ак сүтүңүздөр, тарбияңыздар ар бир адамдын жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат.
Эне — үй-бүлөнүн очогу, коомдун тиреги, улуттун асыл баалуулугунун башаты. Ар бир ийгиликтүү адамдын артында дайыма эненин ак батасы, колдоосу жана чексиз сүйүүсү турат.
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана ар дайым балдарыңыздардын сый-урматы коштосун! Жүзүңүздөрдөн күн нуру кетпесин!
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу энелер!
Урматтоо менен
«КУЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты.