Аталган документке КР Энергетика министри Т. Ибраев жана «Todini Costruzioni Generali S.P.A» компаниясынын башкы директору Джан Марко Мартини кол коюшту.
Меморандумдун максаты - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен кызматташуунун форматын талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты терендетүү жана биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга багыттылган. Ошол эле учурда италиялык тарап үчүн алгылыктуулардын бири концессия экени баса белгиленди.
Эки тараптуу жолугушууга КРнын энергетика министри Т.Ибраев, энергетика миинистринин орун басары Н. Садыков, «Todini Costruzioni Generali S.P.A» компаниясынын башкы директору Джан Марко, Башкармалыктын Төрагасы -Жузеппе Мартини, Юридикалык консультант- Даниеле Манка Битт, Daniele Manca Bitti , кенешчи- Мауро Мурджиа/ Mauro Murgia жана тийиштүү кызматкерлер катышты.
Маалыматка ылайык, Компания 1987-жылдын 30-сентябрында негизделип, 1996-жылдын 19-февралында Рим Соода-өнөр жай палатасында катталган.