Энергетика министри Баткен ЭТИнин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди
None
Энергетика министри Баткен ЭТИнин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы менен таанышууда. Анын алкагында Баткен облусуна болгон иш сапарында Баткен электр тармактар ишканасынын 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жеринде текшерди.
Министр иш сапардын жүрүшүндө алгач Лейлек, Сүлүктү, Батен, Кадамжай жана Кызыл-Кыя РЭТтер тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду. Аны менен катар абоненттерге орнотудуп жатканган акылдуу эсептегичтер, СИП өткөргүчтөр, эскилиги жеткен имараттардын абалы, кампаларда сакталып жаткан жабдуулардын сапаты, кызматкерлердин иш-тартибин текшерип өттү. Аны менен катар жогорку чыңалуудагы линиялар жана трансформатордук пункттардын иштеши көзөмөлдөндү.
Алгач министр Таалайбек Ибраев Лейлек РЭТинин диспетчердик бөлүмү, трансформатордук цехтин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты. Лейлек РЭТнин имараты учурда оңдоп түзөөгө муктаж экендигин баса белгилеп, имаратты жаңылоо ишин пландоого тийиштүү жетекчиге тапшырма берди.
Белгилей кетсек, Лейлек райондук электр тармагы 1963-жылы түзүлгөн жана бүгүнкү күндө райондогу калкты, мекеме-ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.
Мындан тышкары энергетика министри Баткен облусу боюнча 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даядык иштери менен жеринде таанышып, тийиштүү жетекчилерден маалымат алды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусу 2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата алты айдын жыйынтыгы боюнча 70 пайыз даяр. Облус аймагында 28 047 даана акылдуу эсептегичтер орнотулуп, калктын электр энергиясын так жана үзгүлтүксүз колдонууга шарт түзүлдү. Каскаддык ыкманын негизинде 4 даана 35/10 кВ көмөк чордон модернизацияланып, алардын кубаттуулугу жогорулатылды. Жаңы жана заманбап электр чубалгылары тартылып, жалпысы 48,9 чакырым СИП аба чубалгылары орнотулду. Мындан тышкары, 32 даана жаңы көмөк чордон курулуп, кошумча 23 даана көмөкчү чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 191 даана көмөкчү чордон жана 463,085 чакырым 10 кВ аба чубалгылар оңдоодон өткөрүлдү. Катардагы оңдоо иштеринин алкагында 906 даана көмөкчү чордон техникалык тейлөөдө өткөрүлүп, 565 чакырым 10/6/0,4 кВ аба чубалгылары оңдолду. Мындан тышкары, 1556,778 чакырым 0,4 кВ аба чубалгылары оңдоодон өткөрүлдү.
Таалайбек Ибраев жеринде иш алып барган техникалык кызматкерлер менен жолугуп, алардан учурдагы көйгөйлөр жана керектелген ресурстар тууралуу маалымат алды. Министр калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо — мамлекеттик маанидеги эң негизги приоритеттердин бири экенин белгилеп өттү.
Министр өз сөзүндө, энергетика тармагындагы реформалар аймактарды өнүктүрүү жана коопсуз жашоо шарты үчүн түздөн-түз мааниге ээ экенин, андыктан ар бир райондун энергетикалык инфраструктурасын бекемдөө — алдыдагы башкы максаттардын бири экенин баса белгиледи. Аны менен катар министр күз-кыш мезгилине карата даярдык иштер сараттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырды.
Мындан тышкары Баткендин Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунай иштетүүчү завод курулуш иштерин көрүп чыкты. Заводду ишке киргизүү быйылкы жылга пландалгандыктан, даярдык иштерин өз убагында бүткөрүүнү заводдун тийиштүү жетекчисине тапшырды.