Энергетика министри Баткен шаарындагы “Суу-Башы” көмөкчү чордонунун курулушуна мезгил кутучасын салды
22 Июль 2025 ж.
Энергетика министри Баткен шаарындагы “Суу-Башы” көмөкчү чордонунун курулушуна мезгил кутучасын салды
2025-жылдын 21-22-июль күндөрү Кыргыз Республикасын энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы жаңы 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордонунун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.
Бул энергетикалык объект Кыргыз-Тажик чек арасында жашаган тургундар үчүн Баткен шаарында курулуп жаткан “Жаңы Достук” айылын, 800 гектар жер тилкесине курулуучу “Баткен-Сити” шаарчасын, Асман-1, Асман-2 мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү, жакында курула турган орус мектепти, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадионду, Чет-Булак кварталындагы турак жайларды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону максат кылат.
Курула турган көмөк чордондун тейлөө аянты 500 чарчы метрди түзөт. Долбоор “КУЭТ” ААК менен Баткен шаардык Мэриясынын биргелешкен аракетинде ишке ашырылууда. Курулуш иштери “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен ЭТИ тарабынан жүргүзүлөт.
Долбоордун сметалык баасы 67 миллион 600 миң сомду түзөт. Анын ичинен 35 млн 800 миң сом Баткен шаардык мэриясы, 31 млн 800 миң сом “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланды.
Бул маанилүү энергетикалык объект төмөнкү станцияларды камсыздайт:
• Кара Булак 35/10 кВ
• Кара Токой 1 – 35/10кВ
• Кара Токой 2 –35/10кВ
• Ширечь – 35/10 кВ
• Баткен – 110/35/10 кВ
Аталаган обьектинин курулуш иши 2025-жылдын октябрь айында бүткөрүлүүсү пландалууда. “Суу-Башы” көмөкчү чордону ишке берилсе, Баткен шаарындагы энергетикалык инфраструктуранын өнүгүшүнө чоң салым кошот.
Аталган иш-чарага КРнын энергетика министири Т.Ибраев,КРнын Президенттинин
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Шаменов, “КУЭТ” ААКнын башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Дуйшө уулу Уларбек Баткен шаарынын мэри Т.Абыкеев, Баткен ЭТИнин директору К.Маркаев катышты.