Энергетика тармагына жаңы 54 даана техника тапшырылды
29 Апрель 2025 ж.
Бүгүн, 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиевдин, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусу менен энергетика тармагына жаңы 54 даана техниканы тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.
Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын жана алгылыктуу иш-аракеттердин алкагында, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.
Бүгүнкү тапшырылган 54 даана техниканы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы капиталдык курулуш планын ишке ашыруу алкагында өз каражатынын эсебинен 102 483 400 сомго сатып алды.
Сатып алынган техниканын тизмеси:
• Бригадалык унаасы ОВБ JAC T-8 пикап базасында – 13 даана;
• Бригадалык унаасы ОРП ISUZU базасында – 6 даана;
• Кызматтык унаа CHEVROLET COBALT – 34 даана;
• Кызматтык унаа CHEVROLET TRACKER – 1 даана.
Сатып алынган атайын техника электр тармактарынын региондук ишканаларына туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздоого, штаттан тышкары учурларга ыкчам реакция кылуу, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган.
Энергетика министри Т.Ибраевдин айтымында сатып алынган техникалар компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана тармактын материалдык-техникалык базасын күчөтүүгө жардам берет.
“Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында бир топ ийгиликтерге жетишип жатабыз. Энергетиктер калкка сапаттуу электр энергиясын жеткирүү үчүн, аларда шарт болуусу керек. Шартты түзүп берүү биздин, жетекчилердин милдети.
Акыркы төрт жылда энергетиктер үчүн эң муктаж болгон жаңы имараттарды куруп, атайын техника, жабдууларды сатып алууга жетиштик. Сатып алынган техникалар компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана тармактын материалдык-техникалык базасын күчөтүүгө жардам берет. Биз муну менен чектелбейбиз, тармактын жакшырышына жана өнүгүшүнө карай кадамыбызды улай беребиз” – деди энергетика министри Т.Ибраев.
Маалымат үчүн: 2024-жылы КУЭТ 76 даана атайын техника сатып алса, 2023-жылы 106 даана атайын техника сатып алган.