ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АЙЫМДАР!
5 Март 2025 ж.
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кадамжай РЭТ ишканасынын, калкты тейлөө борборунун жетектөөчү адиси Жакыпова Чолпон Калмурзаевна- бул тармакта 23 жылдан бери эмгектенет.
Жакыпова Чолпон Калмурзаевна 1984-жылдын 20-февраль күнү Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Пульгон айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир кыздын бактылуу энеси.
Алгачкы мектептин босогосун 1990-жылы 1-класска Б.Айтматов атындагы гимназия-мектебине кирип, 2001-жылы окуусун ийгиликтүү аяктан. Андан соң Ош Мамлекеттик университетинин факультетинде окуп, “Электроснабжение” инженер кесибинин ээси болгон.
2001-2002 ж.ж. Кадамжай РЭТ ишканасынын электр текшерүүчүсү.
2002- 2005 ж.ж. Кадамжай РЭТ ишканасынын ага текшерүүчүсү.
2005-2010 жж. Кадамжай РЭТ ишканасынын автоматташтырылган системаларды башкаруу бөлүмүнүн адиси.
2010-2011 жж. Кадамжай РЭТ ишканасынын сапаттуу тейлөө борборунун менеджери.
2012-2014 жж . Кадамжай РЭТ ишканасынын электр энергия сатуу бөлүмүндө инженер.
2014-2019 жж. Кадамжай РЭТ ишканасынын эсеп жүргүзүү боюнча инженери:
2020-жылдан тартып, Баткен элекр тармактар ишканасына караштуу Кадамжай РЭТ ишканасынын тейлөө борборунун жетектөөчү адиси болуп эмгектенип келүүдө.
Чолпон Калмурзаевна эмгек жолунда энергетика тармагына кошкон салымы, жумушуну жогорку деңгеелде аткарганы үчүн, бир канча сыйлыктардын ээси болгон.
1. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- Акимдин Ардак грамотасы.
2. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы.
3. «Ошэлектр» ААК тарабынан энергетика тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн жана Кыргыз энергетикалык тутумунун 80 жылдык маарекесине карата Ардак грамотасы.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кайтарууга кошкон салымы үчүн, 22- декабрь Энергетиктердин кесиптик майрамына карата №2023 аскер бөлүгү тарабынан Алкыш барагы.
5. 2022-жылдын 22-декабрь Энергетиктердин кесиптик майрамына карата «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын сыйлоо баракчасы менен сыйланган.
Чолпон Калмурзаевна Кадамжай райондук электр тармактары ишканасынын мыкты адиси. Өзүнүн жөнөкөй, кичи-пейил мамилеси менен кесиптештердин арасында жогорку сый урматка, кадыр-баркка ээ айым.