Колл - борбор: 105,1209

Баткен облусунда өткөн Республикалык команда-штабдык машыгууга энергетиктер активдүү катышты

13 Март 2026 ж.

“Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери” аталышындагы республикалык команда-штабдык машыгууга “КУЭТ” ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты да жогорку даярдык менен активдүү катышты.

 Машыгуу учурунда энергия менен камсыздоо жана жарыкты чүмбөттөө кызматы өзгөчө кырдаал жаралган шартта электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, авариялык абалды ыкчам жоюу жана калкты коопсуз электр энергиясы менен камсыздоо боюнча практикалык аракеттерди көрсөтүштү.

 Мындан тышкары, энергетиктер сел жана суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда электр тармактарын коргоо, жабыркаган жабдууларды тез арада калыбына келтирүү жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте иш алып баруу боюнча өз ара аракеттенүү тартибин иш жүзүндө бышыкташты.

 Мындай машыгуулар кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жана туура аракет көрүүгө, ошондой эле энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн камсыздоого чоң салым кошот.

 Ошондой эле машыгуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ар тараптуу тыгыз иш алып барып, аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдоого жана жарандык коргонуу багытындагы иш-чараларды ишке ашырууга кошкон өзгөчө салымы үчүн “КУЭТ” ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Мамадалиев Нурлан Заттарбекович жана Баткен райондук электр тармактарынын Бужум бөлүмүнүн устаты Алтынбек Абдыраимов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин Ардак грамотасы менен сыйланышты.