Колл - борбор: 105,1209

Энергетиктер 170 даана темир-бетон мамыларды орнотуп, 11,2 км аба чубалгысын тартууда.

6 Март 2025 ж.

Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын курулуш-монтаждоо бөлүмү, Баткен районунун Чоң-Кара, Зарташ айылдарына жаңы линия тартуу иштерин аткарууда.
 
Жумуштун алкагында 35/10кВ «Актурпак» көмөк чордонунан аталган айылдарга карай 170 даана темир-бетон мамычалар орнотулуп, бүгүнкү күндө 10кВ кубаттуулукта 11,2 км аба чубалгысы тартылууда.
 
Бул жумуштун жыйынтыгында насостук станциялар жана Чоң-Кара, Зарташ айылынын эли сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болот.