Колл - борбор: 105,1209

Энергетиктердин кесиптик мелдешине Баткен энергетиктери активдүү катышты

19 Сентябрь 2024 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалдарынын арасында 2024-жылдын 13-14-15-сентябрь күндөрүнө белгиленген «Энергетиктердин кесиптик мелдешине» Баткен электр тармактар ишканасынын энергетиктеринен түзүлгөн топ Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарына келип, мелдешке активдүү катышты. 
Уюштуруучулар тарабынан даярдалган ар бир этапка мыкты даярдык менен катышып, берилген  тапшырмаларды аткарууда өзүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөттү.