Колл - борбор: 105,1209

ИСФАЙРАМ-1 чакан ГЭСи ишке кирет

28 Август 2024 ж.

Бүгүн «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозович Баткен облусунун Кадамжай районунда курулуп жаткан «Исфайрам-1» чакан ГЭСине барып, ачылуу аземине даярдыгынын жүрүшү менен таанышты.
 
Сметалык баасы дээрлик 3 млн долларды түзгөн бул чакан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт түзөт. ГЭСке суу жеткирген каналдын узундугу 3,7 км. Учурда канал толугу менен бетондолуп, турбо генераторлор орнотулган. ГЭС ишке кирсе, эки айылды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт.
 
Белгилей кетсек «Исфайрам-1» чакан ГЭСинин ачылуу аземи 31-август КР эгемендүүлүк майрамына карата болуусу күтүлүүдө.