🔰 Кадамжай районунда 2024-жылга аткарылып жаткан иштер сапаттуу жасалууда.
🔷”Кыргызстан” УЭТ ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кадамжай РЭТиндеги аба чубалгысынын жалпы узундугу 1525,97 км түзөт.
♦ 2024-жылга коюлган иш планга ылайык Кадамжай районунда быйылкы жылы 120 даана көмөкчү чордондор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтсө, 595 даана көмөкчү чордондорго техникалык тейлөө иштери жүрөт.
Ошондой эле 6-10кВ аба чубалгысынан 91,53 км капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 6кВ аба-чубалгысынан 507,9 км, ал эми 0,4кВ аба-чубалгысынан 873,31 км техникалык тейлөөдөн өтөт.
🔷Мындан тышкары Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына ылайык 10кВ аба чубалгысынан 4,6 км жана 6кВ аба чубалгысынан 4,1 км жаңы тартылат. Ошондой эле 10-6кВ аба чубалгысынан 11,5 км, 0,4кВ аба чубалгысынан 2,6 км реконструкция болуп, 13 даана жаңы кошумча көмөкчү чордондор орнотулат. Ал эми 1838 даана жыгач мамыча темир бетон мамычаларга алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
♦ Ошондой эле 4 даана көмөкчү чордондорго реконструкциялоо иштерин жүргүзүү пландалган.
🔷 Баткен электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Баткен электр тармактарынын официалдуу сайтында http://bpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook , Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат.
♦Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.💡📻📲
🔷Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209