Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапаттуу аткаруу талабына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кадамжай райондук электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, калкты туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында тогуз айга пландалган жумуштарды толугу менен аткарды.
Кадамжай районунда жалпы 77 даана 6/10/0,4 кВ күчтүк трансформаторлор жана 74 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 451 даана 6/10/0,4 кВ көмөкчордондорго жана 819 чакырым 10/0,4кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп, жабдуулардын ишенимдүүлүгү жогорулатылды.
Мындан тышкары, капиталдык курулуш иштеринин алкагында район аймагында 5,5 чакырым жаңы аба чубалгылар тартылып, Кадамжай шаарынын Бегалиев көчөсүндө кубаттуулугу 250кВА жана Жаңы-Жер айылына кубаттуулугу 100кВА болгон жаңы трансформаторлор орнотулду. Бул жумуштар электр тармагын жаңыртып, аймактагы линиялардын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү максатында, Кадамжай району боюнча 15 656 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулду. Бул электр эсептегичтер энергетика тармагында жоготууларды азайтуу менен катар, эсептөөдө тактыкты камсыздайт.
Жүзөгө ашырылган бардык иштердин негизги максаты – калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу болуп саналат.
Белгилей кетсек Кадамжай райондук электр тармактары ишканасы жалпы 31380 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт.