Кадамжай РЭТ жаны жетекчи дайындалды
17 Март 2025 ж.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору А.Д. Рысбековтун № 85-буйругу менен Аскаров Нурали Айдаралиевич, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кадамжай райондук электр тармактары ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
Бүгүн 17-март күнү Нурали Аскаровту эмгек жамаатка Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев тааныштырды.
Директор өз сөзүндө жаңы жетекчинин иштерине ийгилик каалап, Кадамжай элини электр энергиясы менен камсыздоодо жоопкерчилик менен ак кызмат кылуусуна тилектештигин билдирди.
Аскаров Нурали Айдаралиевич жогорку билимдүү. 2010-жылдан бери Кадамжай райондук электр тармактары ишканасында контролер, участка мастери, диспетчер, ага диспетчер кызматтарын аркалап келип, 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери кызматында эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.