Колл - борбор: 105,1209

Кадамжай РЭТи алдыдагы күз-кыш мезгилине карата 8 айдын планын толук аткарды

12 Сентябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапаттуу аткаруу талабына ылайык, "КУЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын Кадамжай райондук электр тармагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, калкты туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 8 айга пландалган жумуштарды толугу менен аткарды.
Кадамжай районунда жалпысы 86 даана 10/0,4 кВ күчтүк трансформаторлор жана 97 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 518 даана 10/0,4 кВ көмөкчордондорго жана 380 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп, жабдуулардын ишенимдүүлүгү жогорулатылды. Аны менен катар 9 көмөк чордон алмашылып,12 даана жаңы көмөк чордон орнотулду.
Мындан тышкары, капиталдык курулуш иштеринин алкагында райондо 23 чакырым СИП-2 типтеги аба чубалгысы тартылып, 601 даана темир-бетон мамычасы орнотулду. Бул жумуштар электр тармагын жаңыртып, аймактагы линиялардын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү максатында, Кадамжай району боюнча 11 873 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду. Бул эсептегичтер энергетика тармагында жоготууларды азайтуу менен катар, эсептөөдө тактыкты камсыздайт.
Жүзөгө ашырылган бардык иштердин негизги максаты – калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу болуп саналат.