Кесип тандоодо энергетиканы тандайбыз
9 Декабрь 2024 ж.
Бүгүн Баткен шаарында жайгашкан гимназия мектебинин бүтүрүүчү окуучулары «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына келип, энергетиктердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Келген окуучуларды Баткен электр тармактар ишканасынын жетекчилиги жана эмгек жамаат жылуу кабыл алып, энергетиктердин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги, биринчи милдети элге үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүсү тууралуу кенен айтып берди.
Окуучулар алгач Баткен электр тармактар ишканасынын жаңы имараты менен таанышып, транформатор оңдоочу цех, ыкчам диспетчердик бөлүм жана көмөкчү чордондо иштеген энергетиктердин жумушу менен таанышты.
Жыйынтыгында бүтүрүүчү окуучуларда энергетиктердин ишине кызыгуу жаралып, келечекте кесип тандоодо энергетиканы тандоону максат кылып кетишти.