Колл - борбор: 105,1209

Коррупциянын алдын алууга багытталган жыйын болду.

21 Январь 2025 ж.

2024-жылдын 31-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамдын максаты- Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, коррупциялык кылмыштарга карата жоопкерчиликти катаалдаштыруу болуп эсептелет.
 
Ошого байланыштуу бүгүн 2025-жылдын 21-январь күнү «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлүнүн катышуусу менен жыйын уюштурулуп, бул мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, толук маалыматтар берилди.
 
Жыйынга Баткен электр тармактар ишканасынын жалпы эмгек жамааты жана 5 райондук электр тармактар ишканаларынын жетекчилери, кызматкерлери катышты.