“КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаевдин катышуусунда райондук электр тармактарынын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйын болуп өттү.
Жыйынга Баткен, Лейлек, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Кадамжай райондук электр тармактарынын жетекчилери, Баткен электр тармактар ишканасынын бөлүм башчылары катышты. Жыйындын жүрүшүндө ар бир райондук электр тармактары аткарылып жаткан иштер, техникалык тейлөө, жабдууларды оңдоо жана жаңылоо, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу боюнча маалымат беришти.
Директор Каланбек Маркаев ар бир жетекчинин баяндамасын угуп чыгып, аймактардагы энергетикалык абалды талдап, алдыңкы күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында профилактикалык иштерди өз убагында жүргүзүү, жүктөмү ашыкча болгон трансформаторларды алмаштыруу, аба чубалгыларды жаңылоо жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Жыйын соңунда бардык кызматкерлерге жана РЭТ жетекчилерине тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу, калкты үзгүлтүксүз жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин ыкчам жана тынымсыз улантуу милдети жүктөлдү.