"КУЭТ" ААКтын башкы директору А.Д. Рысбековтун 22-декабрь энергетиктердин кесиптик майрамы менен куттуктоосу!
22 Декабрь 2024 ж.
Урматтуу кесиптештер, энергетиктер жана энергетика тармагынын ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана Кыргыз Республикасынын электр энергетика тармагынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы менен куттуктайм!
Ар бириңиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздердин аркасында жарандардын бакубаттуулугу, социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, өлкөбүздүн өнөр-жайынын потенциалын жогорулатуу турат.
Ал эми «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы күндөн-күнгө электр энергия менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртуу багытында салым кошот. Айта кетсем, 2023-2024 –жылдары төмөнкү алгылыктуу иштер аткарылды.
Жаңы курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринин алкагында, 26 даана жаңы административдик имараттар, цехтер курулуп ишке берилди, алар:
- Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү РЭТинин административдик имараттары курулду;
- Бишкек электр тармактар ишканасында Дата борборунун имараты салынды;
- Ош электр тармактар ишканасында Кара-Кулжа жана Сулайман-Тоо РЭТтеринин административдик имараттары курулду;
- Чуй электр тармактар ишканасында Ысык-Ата РЭТинин административдик имараты жана Сокулук РЭТинин Жаңы-Жер участогунда автобокс салынды;
- Нарын электр тармактар ишканасында Темир-бетон тирөөчтөрдү даярдоо боюнча цехи курулуп, Кочкор РЭТинин административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
- Ысык-Көл электр тармактар ишканасында Темир-бетон тирөөчтөрдү даярдоо цехинин кошумча имараты салынып, Түп РЭТинин административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
- 9 электр тармактар участокторунун административдик имараттары курулду;
-Жалал-Абад электр тармактар ишканасында Сузак электр энергиясын сатуу кызматынын имараты жаңыдан курулду жана Жалал-Абад электр энергиясын сатуу кызматынын имараты реконструкцияланды, ошондой эле Базар-Коргон, Токтогул, Ала-Бука, Таш-Көмүр РЭТтеринин административдик имараттары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Көмөк чордондор жана электр чубалгыларын куруу, реконструкциялоо иштери:
- 11 даана 35 кВ жана 110 кВ көмөк чордондор курулуп ишке толук берилди;
- 58 даана 110 жана 35 кВ көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылды;
- 374 даана кошумча 10/0,4 кВ ТПлар орнотулуп, ишке берилди;
- 341 даана 10/0,4 кВ трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды;
- 2 030 км аба чубалгылары курулду жана реконструкцияланды;
- 1 065 км эскилигине жеткен аба чубалгылары СИП-2ге которулду;
- 32 469 даана темир бетон мамычалары орнотулду жана алмаштырылды;
- 230 641 жалпы эсеп алеттери ЭКЭАТка алмаштырылды;
- 182 даана атайын техникалар жана кызматтык унаалар сатылып алынып, электр тармактар ишканаларына берилди;
- 11 даана дизелдик генераторлор сатып алынып, электр тармактар ишканаларына таратылды.
- Борбордук жана Түштүк Азияны байланыштыра турган CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объектилеринин куруулушу аяктап, «Датка» көмөк чордонунда Чөнөк курулуп 1243 электр мамысы орнотулду, 456,06 чакырым узундуктагы зымдар толугу менен тартылды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда жыл сайын энергетикалык объектилерин жаңыртуу иштерин улантат.
Бул майрам күнү баарыныздарды чын жүрөктөн куттуктайм. Биргелешкен эмгегиңиздер, ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан ишиңиздер жана кесипкөй мамилеңиздер үчүн сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Ар дайым элибизге, өлкөбүзгө жарык жана жылуулук тартуулап жакшы күндөрдө жүрө бериңиздер. Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бардар турмуш каалайм. Келе жаткан Жаңы-жылыбыз жакшылыктарды, ийгиликтерди алып келсин!\
Майрамыңыздар куттуу болсун!
Урматтоо менен,
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Башкы директору Рысбеков А.Д.