Колл - борбор: 105,1209

Кыргыз энергетикасынын башаты Сүлүктүдөн башталган.

24 Февраль 2025 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы мезгилдин оор күндөрү кыштын каарын кайтарып, Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун оорукана, бала-бакча жана мектеп сыяктуу бюджеттик мекеме-ишканаларды, калкты үзгүлтүксүз жылуулук жана жарыктык менен камсыздайт.
 
Сүлүктү шаарынын энергетикалык тарыхы 1898-жылдардан тартып башталат.
 
\Кыргыз энергетикасынын башаты Сүлүктү көмүр кендеринен башталган.Тарых маалыматтарында 1898-жылы Сүлүктүдөгү шахтаны жарыктандыруу үчүн дизелдик генератолор иштей баштаган.
 
1910-жылы буу менен иштеген станция ишке берилип, 1925-жылы № 2-шахтада дизелдик электр станциясы ишке берилген. Андан соң 1929-жылы 300 киловаттык электростанция ЦЭММ ишке кирген.
 
Бул электр станциянын алгачкы жетекчиси Климов Василий Давыдович болгон.
1935-жылы Сүлүктүдө жылуулук электр станциясы (ТЭЦ) курулуп бүтүп, электр энергиясы иштелип чыгып баштаган. Алгач шахтыларга жана ишкана мекемелерге электр энергиясын берилип, 1948-жылы жаңы ЖЭБтин (ТЭЦ) ишке киргизилген бөлүгүндө №4-шахтанын аймагында 4 айыл, №1/9-шахтага баруучу жол, темир жолдун үстүндөгү айылдар, жумушчулар поселогу жана Кольцо станциясы жарыктандырылган. Сталин (азыркы Товарная) көчөсү, Каганович ( азыркы
Советская) көчөсү жана кызыл аянт (борбордук аянт) жарыктандырылган.
 
Макаев айылындагы жарыктандыруу бир кыйла жакшы жолго коюлган. Караул-Кыштак суу астындагы линиядан борбордук жардыргыч заттар (ВВ) кампасы аркылуу жарыктандыруу пландалган.
1948-жылдан тартып Сүлүктү шаарынын калкы электр энергиясы менен толук камсыз болгон.
1957-жылы Кайракум ГЭСинен 35кВ электр тогу Сүлүктү шаарына, 35-6 кВ Сүлүктү көмөк чордонуна жеткирилген. 1964-жылы Лугма Лоджер Арбудуевич Республикалык энергосбыттын Сүлүктү бөлүмүнө начальник болуп дайындалган.
 
1964-жылы ошол мезгилдеги Кыргыз ССРинин Ош областынын аймагында Ош электр тармактары ишканасы түзүлүп, анын карамагына Лейлек РЭТ ишканасы да кирет. Лейлек РЭТи деп аталып (азыркы Сүлүктү РЭТи) анын кеңсеси Сүлүктү шаарында жайгашкан. 1965-жылы Баткен жана Лейлек СЭС (Служба энергосбыт) Сүлүктү
СЭСине кошулуп Сүлүктү бириккен электр тармагы түзүлүп (Сулюктинский энергоузель) деп аталып, анын тейлөө аймактарына Сүлүктү шаары, Айдаркен шаары жана Лейлек, Баткен райондору толугу менен кирген.
 
Ушул жылдардан тартып Сүлүктү РЭТинин (ЛРЭС) өз алдынча тарыхы башталат жана жогоруда белгиленгендей Сүлүктү РЭТинин алгачкы жетекчиси Лугма Лоджер Арбудуевич болгон.
 
1978-жылы Лейлек РЭТинин жетекчиси болуп (ЛРЭС) азыркы Сүлүктү РЭТ ишканасына Сабыр Озбеков жетекчи болуп дайындалган. Лейлек РЭТинин (азыркы СүлүктүРЭТи) тейлөө аймагына Сүлүктү шаары толугу менен жана Лейлек району кирип турган.
1982- жылы Сабыр Озбеков тарабынан Ош электр тармактары ишканасынын чечими менен, Лейлек районунун борбору Раззаков шаарында жаңыдан административдик имарат курулуп, Лейлек РЭТ ишканасы түзүлүп, Сүлүктү РЭТинен бөлүнүп чыгып кеткен жана Лейлек РЭТинин жетекчиси болуп Сабыр Озбеков дайындалган болсо, ушул жылдан тартып Сүлүктү шаарында Сүлүктү РЭТ ишканасы деп аталып анын жетекчиси Р.И.Шамиров болгон.
 
Сүлүктү РЭТинин тейлөө аймагына Сүлүктү шаары толугу менен жана Лейлек районунун Самат, Калта-Кол, Беш-бала,Кара-таш, Чимген, Булак-башы айылдары, ошондой эле Лейлек районундагы 110-35 кВ аба-чубалгылары, 110-35-10-6 кВ көмөк чордондор кирген.
 
2022-жылдын 10-август күнү «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасы түзүлүп, Сүлүктү РЭТ ишканасы Баткен электр тармактар ишканасынын карамагына өткөн. Ошол эле жылы Сүлүктү РЭТ ишканасынын имараты эскилиги жеткенине байланыштуу Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаев энергетика министрлигине жаңы имарат куруу зарылдыгын айтып, КР энергетика министринин колдоосу менен 2024-жылы жаңы эки кабаттуу административдик имарат курулуп, колдонууга берилди.
 
Сүлүктү РЭТ ишканасында бүгүнкү күндө 39 кызматкер эмгектенип келет. Азыркы учурда тейлөө аймагы жалпы 45 км болсо, ал эми Сүлүктү РЭТ ишканасына караштуу “Район” жана “Шаар” бөлүмдөрү иш алып барып, Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун калктуу пункттарын, социалдык обьектилерин, ишкана-мекемелерин электр энергиясы менен камсыздап келет. Сатылган электр энергиясынын төлөмдөрүн ишкана мекемелер жана калк тарабынан өз учурунда төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча иш алып барат.
 
Сүлүктү РЭТинин аймагында 110-35-10-6 кВ кубаттуулуктагы 3 көмөк чордон орун
алып, Сүлүктү РЭТ ишканасы 5353 калк керектөөчүнү жана калк эмес 582 керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыздайт.
 
Андан сырткары Сүлүктү РЭТинин балансындагы жалпы узундугу 370,05 км түзгөн 10-6-0,4 кВ аба чубалгысын жана 90 даана 10-6-0,4 кВ көмөк чордондорду тейлесе, Сүлүктү РЭТинин балансында эмес керектөөчүлөрдүн карамагындагы 67 км түзгөн 10-6-0,4 кВ аба чубалгыларды, 98 даана 10-6-0,4 кВ көмөк чордондорду тейлейт.
 
Тейлөө аймагына Сүлүктү шаары толугу менен жана Лейлек районунун Самат, Калта-кол, Беш-бала, Кара-таш, Чимген, Булак-башы айылдары кирет. Элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда өзүнүн чоң салымын кошуп, ак ниет менен эмгектенген Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын эмгек ардагерлери да арбын.
Алар:
 
Умаров М.Э, Джаныбеков А.Д, Джумаев Х, Джаныбеков Т.Д, Баймурзаев С.У, Абдилатипова Б, Юлдашев Н.И, Абдукаримов А.У, Саипов А.К, Момунов Ы.М, Ахмедов Ш.М
 
Өз учурунда Сүлүктү РЭТ ишканасын төмөнкү атуулдар жетектеп келген:
1964-1968 жылдары Лейлек РЭТинин (азыркы Сүлүктү РЭТи) жетекчиси болуп
Лугма Л. А. эмгектенген.
1968-1971 -жылдары Лейлек РЭТинин (азыркы Сүлүктү РЭТи) жетекчиси болуп
Кулматов П. эмгектенген.
1971-1976 жылдары Лейлек РЭТинин (азыркы Сүлүктү РЭТи) жетекчиси болуп
Халматов И. эмгектенген.
1976-1978 жылдары Лейлек РЭТинин (азыркы Сүлүктү РЭТи) жетекчиси болуп
Шамиров Р. И. эмгектенген.
1978-1982 жылдары Лейлек РЭТинин (азыркы Сүлүктү РЭТи) жетекчиси болуп
Озбеков С. эмгектенген.
1982-2008 жылдары Сүлуүтү РЭТинин жетекчиси болуп Шамиров Р. И.
эмгектенген.
2008-2009 жылдары Сүлүктү РЭТинин жетекчиси болуп Кулбаев Ж. эмгектенген.
2009-2011 жылдары Сүлүктү РЭТинин жетекчиси болуп Шамиров И. эмгектенген.
2011-2013 жылдары Сүлүктү РЭТинин жетекчиси болуп Батыров Б. эмгектенген.
 
2013-2017 жылдары Сүлүктү РЭТинин жетекчиси болуп Баймурзаев С, 2017-жылдан тартып азыркы мезгилде Сүлүктү РЭТинин жетекчиси болуп Исаев Абдипатта Матаевич эмгектенип келүүдө.