Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-2026-жылдарга күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырманын алкагында «КУЭТ» ААКнын Баткен электр тармактар ишканасынын Кызыл-Кыя РЭТи күз-кыш мезгилине карата даярдыкты ийгиликтүү жыйынтыктады. Жети айга пландалган иштер толугу менен аткарылып, даярдык деңгээли 100%ды түздү.
Аймакта 6–10 кВ жана 0,4 кВ аба чубалгыларында жалпысына 63,5 чакырым аба чубалгыларына жана 120 даана көмөк чордондорго техникалык тейлөө иштери аткарылды. Ошондой эле 21 чакырым аба чубалгылары жана 42 көмөк чордону капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
2025-жылдын башынан тарта аймакта 4 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду. Алар:
Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы 160 кВА көмөк чордон 400 кВАга, Кадамжай районун Суукана айылындагы эки көмөк чордон 50 жана 100 кВАдан 400 кВАга, Ноокат районун Беш-Буркан айылындагы 160 кВА болгон көмөк чордон 250 кВАга жогорулатылды. Аны менен катар бул көмөк чордондордо 4,5 жакырым аралыкта СИП-2 аба чубалгылары жаңыланды
Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарынын «Дача» участкасында, Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын «Биримдик-2» жана «Унсунай Кудайбердиева» жаңы конуштарында жаңы 250 кВА кубаттуулуктагы 3 көмөк чордон орнотулду. Ошондой эле 3,5 чакырым аралыкта жаңы СИП-2 аба чубалгылары тартылды. Бул иш-чаралар электр тармактарынын ишмердүүлүгүн жогорулатып, калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо максатын көзөйт.
2025-жылдын февраль айынан тарта Кызыл-Кыя райондук электр тармактар ишканасы калк керектөөчүлөрүнө АСКУЭ — акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин баштаган. Учурда аталган жаңы технологияны орнотуу иштери Кызыл-Кыя шаары жана Караван айылынын аймагында кызуу уланууда. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя РЭТке караштуу жалпы 18 000 керектөөчүнүн ичинен 8 000 абонентке акылдуу эсептегичтер ийгиликтүү орнотулду. Калган 10 000 абонентке 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин толугу менен орнотуп бүтүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-августунан тартып Кызыл-Кыя РЭТи Үч-Коргон, Марказ, Майдан, Чаувай айыл аймактарына да кызмат көрсөтө баштады. Буга чейин бул аймактар Кадамжай РЭТинин курамында болгон. Өзгөртүүлөр «КУЭТ» ААК жана Баткен электр тармактар ишканасынын расмий