Кызыл-Кыя РЭТ ишканасына жаны жетекчи дайындалды
17 Март 2025 ж.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору А.Д. Рысбековтун № 84-буйругу менен Бакаев Эмилбек Абдымаликович, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кызыл-Кыя райондук электр тармактары ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
Бүгүн 17-март күнү Эмилбек Бакаевти эмгек жамаатка Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев тааныштырды.
Директор өз сөзүндө жаңы жетекчинин иштерине ийгилик каалап, Кызыл-Кыя шаар элин электр энергиясы менен камсыздоодо жоопкерчилик менен ак кызмат кылуусуна тилектештигин билдирди.
Бакаев Эмилбек Абдымаликович жогорку билимдүү. Эмгек жолун 2005-жылы «Ошэлектро» ачык акционердик коомунан баштаган. Дал ушул тармакта электр куроочу, электр мастери, аймак жетекчиси, Лейлек РЭТ ишканасында башкы инженер, Кадамжай РЭТ ишканасында башкы инженер, Кара-Суу РЭТ ишканасында электр мастери кызматтарында эмгектенген.
2023-жылдын август айынан бүгүнкү күнгө чейин Баткен электр тармактар ишканасында өндүрүштүк техникалык бөлүмүнүн инженери кызматын аркалаган.