Колл - борбор: 105

Кызыл-Кыяда 100 чакырым аба чубалгылары жана 73 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

18 Ноябрь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо боюнча коюлган тапшырмалардын негизинде, «КУЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кызыл-Кыя электр тармактарында оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү.

 

Капиталдык оңдоо иштери:

 

2026-жылдын 10 айына карата 6/10 кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоонун жалпы планы 100,23 чакырымды түзгөн. Бүгүнкү күнгө карата аталган 100,23 чакырым аба чубалгылар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле капиталдык оңдоого киргизилген 73 даана трансформатордук көмөк чордондун баары жасалып, иштер толугу менен аяктады.

 

Техникалык тейлөө иштери:

6/10/0,4 кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөөнүн жалпы планы 942,63 чакырымды түзүп, бүгүнкү күнү толугу менен бүткөрүлдү. Мындан тышкары, техникалык тейлөөгө пландалган 414 даана трансформатордук көмөк чордондо да иштер толугу менен аяктады.

 

Аны менен катар 2026-жылга капиталдык курулуш планына ылайык Кадамжай районунун Үч-Коргон айылына кубаттуулугу 250 кВА болгон 2 даана көмөк чордон орнотулуп, 2,04 чакырым болгон 0,4кВ СИП-2 үлгүсүндөгү аба чубалгылар тартылды. Мындай заманбап СИП зымдарынын орнотулушу менен аба чубалгыларынын үзүлүп кетүү, кыска туташуу жана шамалдан жабыркоо коркунучу азаят.

 

Андан тышкары жалпы пландалган 502 даана темир-бетон мамынын бүгүнкү күнгө карата 328 даанасы орнотулду. Бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана авариялык кырдаалдардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Аткарылган иштердин негизинде эски зымдар жана жабдуулар жаңыланып, электр тармактарынын техникалык абалы жакшыртылат. Натыйжада Кызыл-Кыя шаарынын тургундары үчүн электр жарыгынын үзгүлтүккө учуроо учурлары азаят. Өзгөчө күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын туруктуулугу жогорулап, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.

 

Кызыл-Кыя РЭТи тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул иштер аймактагы электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртууга, керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга жана күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө багытталган.

 

Белгилей кетсек Кызыл-Кыя РЭТ ишканасы жалпы 36 512 калк керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылат.