Колл - борбор: 105,1209

Лейлек районунда акылдуу эсептегичтерин орнотуу иштери жүрүүдө

7 Сентябрь 2026 ж.

Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Лейлек РЭТинде акылдуу электр эсептегичтерин(АСКУЭ) орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
 
2026-жылга карата Лейлек РЭТ ишканасына караштуу аймактарга жалпы 14964 даана акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери пландалган болсо, бүгүнкү күнү 2718 даанасы орнотулду.
Бул эсептегичтер Лейлек электр тармактарынын бардык калк керектөөчүлөрүнө этап-этабы менен орнотулат.
 
Белгилей кетсек, АСКУЭ эсептегичтерин сатып алуу абоненттердин эсебинен жүргүзүлбөйт. Эсептегичтин өзү жана аны орнотууга байланыштуу бардык чыгымдар толугу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын эсебинен каржыланат.
АСКУЭ - электр энергиясын так эсепке алууга, жоготууларды азайтууга жана энергетика тармагын санариптештирүүгө багытталган маанилүү кадам.