Колл - борбор: 105,1209

Лейлек РЭТ ишканасы күз-кыш мезгилине даяр!

13 Ноябрь 2024 ж.

Лейлек РЭТ ишканасы күз-кыш мезгилине даяр!
 
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Лейлек РЭТ ишканасы 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты өз убагында аткарды.
 
Даярдыктын алкагында төмөнкү жумуштар аткарылды:
ВЛ 0,4кВ аба чубалгылардан 432,18км техникалык тейлөөдөн өттү.
ВЛ 6-10кВ аба чубалгысынан 449,85км техникалык тейлөөдөн өттү.
Жалпы 284 даана көмөкчү чордондорго техникалык тейлөө иштери жүрдү.
 
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери:
ВЛ 6-10кВ аба чубалгысынан 50,82км капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп, ал эми жалпы 50 даана көмөкчү чордондор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
 
2024-жылдын 9 ай аралыгында Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында 2 даана кошумча 250кВА көмөкчү чордон орнотулду, ал эми Сумбула, Катраң айылдарында да 2 даана 250кВА кошумча көмөкчү чордондор орнотулду.
 
Капиталдык курулуш иштери:
2024-жылдын капиталдык курулуш планына ылайык 6-10кВ аба чубалгыларынан 14,7км жаңы тартылып, 0,4кВ СИП-2 изоляцияланган аба чубалгысынан 11,5 км жаңы курулду. Андан сырткары 5 даана жаңы транзиттик шкафтар орнотулду.
 
Белгилей кетсек Лейлек райондук электр тармактары ишканасы Лейлек району боюнча жалпы 26500 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт.