Колл - борбор: 105

Лейлек РЭТ ишканасы күз-кыш мезгилине карата 9 айдын планын толук аткарды

12 Ноябрь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапаттуу аткаруу талабына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Лейлек райондук электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, калкты туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында тогуз айга пландалган жумуштарды толугу менен аткарды.

 

Лейлек районунда жалпы 40 даана 6/10/0,4 кВ күчтүк трансформаторлор жана 118 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 170 даана 6/10/0,4 кВ көмөкчордондорго жана 465 чакырым 10/0,4кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп, жабдуулардын ишенимдүүлүгү жогорулатылды.

 

Мындан тышкары, капиталдык курулуш иштеринин алкагында район аймагында 8,5 чакырым жаңы аба чубалгылар тартылып,Раззаков шаары, Ак-Суу жана Катраң айылдарында кубаттуулугу 250кВА болгон жаңы трансформаторлор орнотулду. Бул жумуштар электр тармагын жаңыртып, аймактагы линиялардын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.

 

Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү максатында, Лейлек району боюнча 13880 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулду. Бул электр эсептегичтер энергетика тармагында жоготууларды азайтуу менен катар, эсептөөдө тактыкты камсыздайт.

 

Жүзөгө ашырылган бардык иштердин негизги максаты – калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу болуп саналат.

 

Белгилей кетсек Лейлек райондук электр тармактары ишканасы жалпы 17339 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт.