Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин талабына ылайык, күз-кыш мезгилине даярдыкты сапаттуу аткаруу багытында чоң иштер жүргүзүлүүдө. "КУЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын Лейлек райондук электр тармагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында белгиленген пландарды толугу менен ишке ашырды.
Лейлек райондук электр тармагы тарабынан жалпысы 57 даана 10/0,4 кВ күчтүк трансформаторлор жана 95 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 269 даана 10/0,4 кВ көмөк чордондорго жана 329 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, 10 көмөк чордондун кубатуулугу жогорулатылып, 4 даана кошумча кубаттулугу 250 Ква болгон жаңы көмөк чордон орнотулду. Алар Лейлек районунун Андарак жана Көк-Таш айылдарына орнотулуп, жергиликтүү тургундарды үзгултүксүз электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга чоң салым кошту.
Капиталдык курулуш иштеринин алкагында 16,6 чакырым СИП-2 типтеги аба чубалгысы тартылып, ошондой эле эскилиги жеткен жыгач мамычалар алмаштырылды. Тактап айтканда, 14,6 чакырым аба чубалгысында 418 даана темир-бетон мамычасы орнотулду.
Жүргүзүлгөн бардык иштердин негизги максаты – калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз, туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде болушу мүмкүн болгон авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу болуп саналат.