Өлкөлөр аралык суу чарба жана энергетикалык ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү
29 Январь 2025 ж.
Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Кыргыз Республикасына 2025-жылы электр энергиясын жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн суу-энергетикалык кызматташтык маселелери боюнча Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын суу чарба жана энергетика ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
Тараптардын жолугушуусунун алкагында энергетика тармагындагы буга чейинки кызматташтык жана мындан аркы аткарыла турган иштердин планы тууралуу талкуу болду. Ошондой эле тараптар суунун көлөмү, суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өлкөлөр аралык энергетика тармагында бири-бирине болгон колдоо көрсөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүздү.
Мындан тышкары Кыргызстан 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүшү үчүн, калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда Кыргыз Республикасына электр энергиясын импорттоону өз убагында үзгүлтүксүз жеткирүү маселелери каралды.
Энергетика минитсри Т.Ибраев өз сөзүндө коңшу өлкөлөрдүн кыргыз энергетикасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.
“Кыргыз Республикасына электр энергиясын берүү бекитилген графиктерге ылайык жүзөгө ашырылууда. Суу ресурстарын жана электр энергиясын берүү боюнча өз ара милдеттенмелер жана маселелер достук форматта чечилүүдө.
Кыргызстандын энергетикалык системасын колдогону жана электр энергиясын жеткирүүнүн графиктерин сактаганы үчүн коңшу өлкөлөрдүн суу чарба жана энергетикалык ведомстволорунун жетекчилерине ыраазычылык билдирем” – деди энергетика министри Т.Ибраев.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселеси боюнча жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.
Аталган жолугушууга төмөнкүлөр катышты:
Кыргыз Республикасынан энергетика министри Т.О.Ибраев, Казакстан Республикасынан министрдин орун басары С.К.Есимханов, Өзбекстан Республикасынан Энергетика министри Ж.Т. Мирзамахмудов, Тажикстан Республикасынын энергетика жана суу чарба министри Д.Ш.Жума катышты.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ташкентте коңшу өлкөнүн министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Алгач Азербайджан Республикасынын энергетика министринин орун басары Зейналов Орхан менен болгон эки тараптуу жолугушууда жаңы 110 кВ жана 35 кВ кабель электр линиясын куруу үчүн муфталар жана керектүү жабдууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жыл сайын Бишкек шаарынын тургундарынын саны өсүп, шаардын териториясы кеңейген сайын аба чубалгылар кооптуулукту жаратууда. Мындан улам Бишкек шаарына 110 кВ жана 35 кВ аба чубалгыларын жердин алды менен алып өтүү долбоору талкууланды.
Ушундай эле эки тараптуу жолугушуу Тажикстан Республикасынын энергетика жана суу чарба министри Д.Ш.Жума менен болуп өттү. Анда министрлер эки өлкөнүн ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтык, ири долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, CASA-1000 долбоорунун аякташы, аны ишке киргизүү жана мындан аркы пландар тууралуу талкуу кылышты. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК менен «Барки Точик» — Тажикстан Республикасынын мамлекеттик улуттук энергетикалык компаниясы ортосунда релелик коргоо жана аварияга каршы автоматташтыруу иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.