Бүгүн Баткен шаарындагы БатМУнун “Баткен Ыйман” мектеп-комплексинин бүтүрүүчү класстын окуучулары “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасына тааныштыруу экскурсиясына келишти.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундун энергетика тармагына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле электр энергиясынын өндүрүлүшү, таратылышы жана пайдаланылышы тууралуу практикалык түшүнүк берүү болду.
Экскурсия учурунда окуучулар ишкананын негизги бөлүмдөрү менен таанышып, көмөк чордондор кызматынын жана ыкчам диспетчердик кызматынын иши, кызматкерлердин күнүмдүк милдеттери жана электр тармагындагы коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле ишкананын адистери окуучуларга электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана коопсуз колдонуу боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүштү.
Мындай иш-чаралар жаштардын техникалык жана инженердик кесиптерге болгон кызыгуусун жогорулатып, келечектеги адистерди тармакка тартууга өбөлгө түзөт