Колл - борбор: 105,1209

Обочолоо, аша чыңалуудан коргоо жана сыноо жергиликтүү кызматы

22 Июнь 2026 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасынын обочолоо, аша чыңалуудан коргоо жана сыноо жергиликтүү кызматы электр тармактарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылууда маанилүү милдетти аткарат. Кызматтын негизги милдети – электр жабдууларынын абалын текшерүү жана сыноодон өткөрүү. Бул иштердин алкагында көмөк чордондордогу күч трансформаторлору, өчүргүчтөр, ток жана чыңалуу трансформаторлору, ошондой эле башка электр жабдууларынын техникалык абалы көзөмөлдөнүп, зарыл болгон оңдоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

 Ошондой эле адистер электр жабдууларынын майларын лабораториялык анализден өткөрүп, алардын сапатын аныкташат. Атайын сыноо шаймандарынын жардамы менен жабдуулардын ишенимдүүлүгү бааланып, мүмкүн болгон мүчүлүштүктөр алдын ала аныкталат.

 Обочолоо, аша чыңалуудан коргоо жана сыноо жергиликтүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Баткен электр тармактар ишканасынын обочолоо, аша чыңалуудан коргоо жана сыноо жергиликтүү  кызматында  1 жетекчи, 3 инженер жана 6 электр эпкери болуп, 10 кызматкер эмгектенет.