“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын 110/35/10 кВ «Самат» көмөк чордонунда техникалык тейлөө иштери уланууда. Азыркы учурда 35 кВ «Исфана» аба чубалгысына орнотулган 300/5 коэфиценттүү ток трансформатору 600/5 коэфиценттүү ток трансформаторуна алмаштырылды.
Бул иштер электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, жана электр энергиясын туруктуу жеткирүү максатында аткарылууда. Бардык жумуштар техникалык коопсуздук талаптарын сактоо менен, бекитилген графикке ылайык жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 110/35/10 кВ «Самат» көмөк чордону 1979-жылы курулуп, 2012-жылы реконструкцияланган. 2025-жылда 16 000 кВА кубаттуулуктагы күч трансформатору кубаттуулугу 40 000 кВА болгон жаңы, заманбап күч трансформаторуна алмаштырылып, көмөк чордондун техникалык мүмкүнчүлүктөрү олуттуу түрдө кеңейтилди. Бул иштер “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланды.