Колл - борбор: 105,1209

35/10 “Кара-Булак” көмөкчү чордонунда заманбап жабдуулар орнотулду

5 Декабрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформалардын алкагында калкты сапатту жана үзгултүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын 35/10 “Кара-Булак” көмөк чордонунда заманбап жабдуулар орнотулду

 35/10 “Кара-Булак” көмөк чордонунда В-10 кВ “Белес” багытындагы май менен иштеген эски өчүрүп жандыруучу жабдуулар толугу менен алынып, анын ордуна жаңы муундагы вакуумдук 10 кВ өчүргүч орнотулду. Бул жабдуу авариялык кырдаалдардын алдын алып, аба чубалгыларынын коопсуздугун бир кыйла жогорулатат.

 Ошондой эле В-10 кВ “Боз-Тумшук” багытында дагы май менен иштеген өчүрүп жандыруучу жабдуулар  вакуумдук 10 кВ жаңы өчүргүчкө алмаштырылды. Бул иштер линиянын туруктуу иштешин, техникалык тейлөөнүн жеңилдешин жана электр энергиясынын жоготууларын азайышын камсыздайт.

 Жаңыланган вакуумдук өчүргүчтөр заман талабына ылайык иштелип чыккан, өрт коркунучу жок, ишенимдүүлүгү жогору жана тейлөө чыгымдары кыйла аз. Мындай модернизациялоонун натыйжасында керектөөчүлөргө электр энергиясын туруктуу берүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, аймактын энергетикалык коопсуздугу дагы да бекемделет.