Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан энергетикалык реформалардын алкагында өлкөнүн аймактарын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо иштери активдүү жүрүп жатат.
Бул багытта 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар маанилүү тапшырмалар берилген. Атап айтканда, министр Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүүдө маанилүү роль ойногон «Самат» көмөк чордонунун кубаттуулугун жогорулатууну тапшырган. Бул тапшырма 2025-жылга карата капиталдык курулуш жана реконструкциялоо программасына киргизилип, учурда “КУЭТ” ААКнун филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда.
1979-жылы курулуп, 2012-жылы реконструкцияланган 110/35/10 кВ «Самат» көмөк чордонунда мурда 16 000 кВА кубаттуулуктагы күч трансформатору колдонулуп келген. Учурда ал кубаттуулугу 40 000 кВА болгон жаңы, заманбап күч трансформаторуна алмаштырылып, көмөк чордондун техникалык мүмкүнчүлүктөрү олуттуу түрдө кеңейтилди. Бул иштер “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланды.
Көмөк чордондун кубаттуулугунун жогорулашы Баткен облусундагы Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу менен катар төмөнкүдөй натыйжаларды берет:
· Электр энергиясын берүүдө ишенимдүүлүк жогорулайт;
· Электр тармагындагы жүктөм азаят;
· Авариялык өчүрүүлөрдүн коркунучу төмөндөйт;
· Өнөр жай ишканалары, социалдык объектилер жана турак жайлар сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз болот.
Мындай ири жаңылоолор Баткен облусунун энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө түрткү берет.