“КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында 220/110/10 кВ «Алай» жана «Айгүл-Таш» көмөк чордондорунда кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Аталган иштердин жүрүшүндө электр жабдуулары толугу менен текшерүүдөн өткөрүлүп, техникалык абалы бааланды. Тактап айтканда, күч трансформаторлору, ажыраткычтар, өчүргүчтөр жана башка негизги жабдуулар каралып, профилактикалык тейлөө жүргүзүлдү. Ошондой эле контакттык туташмалар бекемделип, май деңгээли жана изоляция абалы текшерилди.
Мындан тышкары, көмөк чордондордун аймагында тазалоо жана тартипке келтирүү иштери жүргүзүлүп, коопсуздук талаптарына ылайык тиешелүү белгилер жаңыртылды. Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында коргоо жана автоматика системалары да текшерилип, жөнгө салынды.