Колл - борбор: 105,1209

Сыйлык — сыймык!

22 Декабрь 2025 ж.

22-декабрь — Энергетиктер күнүнө карата “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын эки кызматкери КРнын Энергетика министрлигинин “Каарман” төш белгиси менен сыйланышты. Бул сыйлык — энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана өз ишине болгон жогорку жоопкерчилиги үчүн берилет.

 Сыйлыкка татыган кызматкерлердин бири — Тайиров Кенешбек Туратбекович, Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматынын жетектөөчү инженери. Ал 2005-жылдан тарта энергетика тармагында үзгүлтүксүз эмгектенип келет. Көп жылдык тажрыйбасы, техникалык сабаттуулугу жана жоопкерчиликтүү мамилеси менен кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болуп, тармактын туруктуу иштешине олуттуу салым кошуп келет. Энергетика тармагында иштеген мезгилде 2011-жылы 110/35/10 кВ “Самат” көмөк чордону, 2021-жылы 110/35/6 кВ “Арка” көмөк чордонунда реконструкциялоо жумуштарын аткарууда, жаңыдан курулган 110/35/10 кВ “Раззаков” көмөк чордонун жана Баткен электр тармактар ишканасы түзүлгөн мезгилде 2023-жылы “Тынчтык” көмөк чордонун курууда зор салымын кошкон. Үстүбүздөгу 2025-жылда 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордондорун жаңыдан курууда чон салымын кошту. Анын талыкпаган эмгеги татыктуу бааланып, Энергетика министрлигинин “Каарман” төш белгиси менен сыйланды.

 Ошондой эле бул сыйлыкка Ташмурзаев Дилмурат Мурадылович, Баткен электр тармактар ишканасынын Кадамжай көмөк чордон кызматынын жетекчиси да ээ болду. Ал 22 жылдан ашык Кадамжай көмөкчү чордондор кызматында электр куроочу, устат, ага устат, жетекчи болуп эмгектенип келет. Жетекчи катары да, тажрыйбалуу адис катары да ал жогорку кесипкөйлүгүн далилдеп, тармактагы жоопкерчиликтүү иштерди ийгиликтүү аткарып келет. Эмгеги бааланып Энергетика министрлигинин “Каарман” төш белгиси менен сыйланды.

 Энергетиктер — калктын жана социалдык объектилердин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу үчүн күнү-түнү эмгектенген кесип ээлери. Алардын ар бир жетишкендиги — тармактын жалпы өнүгүүсүнө кошулган салым.