Колл - борбор: 105,1209

Жаңы дайындоо

16 Март 2026 ж.

         «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиевдин буйругуна ылайык:

Юлдашев Акматбек Ибрагимович - «Кыргызстан УЭТ»  ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини  коллективге Баткен электр тармактар ишканасынын директору Нурлан Мамадалиев  тааныштырып, иштеринде ийгилик каалады.

Белгилей кетсек,  Юлдашев Акматбек Ибрагимович буга чейин Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген. Эмгек жолун 2008-жылы Ошэлектродо релелик коргоо жана автоматика кызматында электр куроочу кызматынан баштаган. Билими жогору, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.