· Турмаматов Ильгиз Нишанбаевич — «КУЭТ» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп дайындалды.
· Гиязидинов Кылычбек Гиязидинович — «КУЭТ» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары болуп дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчилерди коллективге Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев тааныштырып, аларга иштеринде ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Турмаматов Ильгиз Нишанбаевич буга чейин Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары кызматын аркалап келген. Эмгек жолун 2004-жылы Ош ЖЧКЧКнын Баткен участкасында электр куроочу кызматынан баштаган. Билими жогору, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган.