«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААкнын директорлор кеңешинин чечиминин негизинде «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев чыгарган буйрукка ылайык:
• Мамадалиев Нурлан Заттарбекович — «КУЭТ» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалды.
• Саттаров Эрлан Нургазыевич-«КУЭТ» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басары,
• Маркаев Каланбек Орозович — «КУЭТ» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары болуп дайындалды.
Жаңы дайындалган жетекчилерди коллективге «Кыргызстан УЭТ» ААКнын коммерциялык маселелер боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырып, аларга иштеринде ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Мамадалиев Нурлан Заттарбекович буга чейин Баткен электр тармактар ишканасынын коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басары кызматын аркалап келген. Эмгек жолун 2001-жылы ”Ошэлектро” ААКнын Кара-Суу РЭТинде баштаган Билими жогору, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.
Саттаров Эрлан Нургазыевич буга чейин Баткен электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси кызматында иштеп келген. Эмгек жолун 2011-жылы ”Ошэлектро” ААКнын Кадамжай РЭТинде баштаган. Билими жогору, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетин аяктаган.