Колл - борбор: 105,1209

Энергетиктердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган окутуулар

6 Февраль 2026 ж.

Электр энергиясын ишенимдүү жана коопсуз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Энергетика министрлиги энергетика тармагындагы кадрлардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп келет. Анын негизинде кызматкерлер үчүн үзгүлтүксүз техникалык окутуулар жана практикалык сабактар өткөрүлүүдө.

 Бул иш-чаралардын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасында 12-январдан тартып пландуу окутуулар уюштурулуп, ага облустагы райондук электр тармактарынын жана ишкананын ар кайсы бөлүмдөрүнүн адистери катышууда.

 Сабактардын жүрүшүндө электр жабдууларын туура жана коопсуз колдонуу, авариялык абалдардын алдын алуу, жаңы технологияларды ишке киргизүү, ошондой эле эмгекти коргоо талаптары боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилүүдө. Теориялык материалдар практикалык машыгуулар менен айкалыштырылып, кызматкерлер өз кесибине байланышкан иш-аракеттерди иш жүзүндө аткарууну өздөштүрүүдө.

 Мындай окутуулар энергетиктердин кесиптик даярдыгын арттырып, электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыздоого жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.