Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасынын кезектеги ишембилиги өткөрүлдү

11 Апрель 2026 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты.Иш-чаранын алкагында ишкананын эмгек жамааты айлана-чөйрөнү тазалоо жана тартипке келтирүү иштерин жүргүзүштү. Тактап айтканда, көмөк чордон аймактары, аба чубалгыларынын айланасы, административдик имараттардын короолору тазаланып, таштандылар чыгарылды.

 

Мындай ишембиликтер жамааттын биримдигин бекемдеп, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу менен бирге, таза жана коопсуз иш чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө түзөт.