Колл - борбор: 105,1209

Президенттин өкүлү Айбек Шаменов Баткендеги энергетикалык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты

13 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен шаарында ишке ашып жаткан маанилүү энергетикалык долбоорлордун — 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордонунун курулушу жана “Жаңы Достук” айылын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыкты.

 

Өкүлдү “Кыргызстан УЭТ” ААКнын Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев тосуп алып, курулуштун абалы, жумуштун аткарылышынын сапаты жана мөөнөттөрү боюнча кеңири маалымат берди.

Айбек Шаменов жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, алардын аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого кошкон салымын жогору баалады.

 Бүгүнкү күндө “Суу-Башы” көмөк чордонунда негизги курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Объектте электр жабдууларын орнотуу жана ички байланыштарды тартуу иштери жүргүзүлүп, курулуш аягына чыгарылууда.

Ошол эле учурда “Жаңы Достук” айылын электр энергиясы менен камсыз кылуу долбоору дээрлик толук аяктап калды.
Анын алкагында:

  • 114 даана электр мамычасы орнотулду;
  • 4 чакырым узундуктагы жогорку чыңалуудагы аба чубалгы тартылды;
  • Кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 жаңы көмөк чордону орнотулду;
  • 217 даана жаңы электр мамычасы коюлду;
  • 9,3 чакырым узундуктагы 0,4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары тартылды.

Мындан тышкары, “Суу-Башы” көмөк чордонунун курулушуна Баткен электр тармактар ишканасынын жалпы эмгек жамааты да активдүү катышып, ишембилик иретинде өз салымдарын кошушту.

Белгилей кетсек, бул долбоорлор Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен, “Кыргызстан УЭТ” ААК жана Баткен шаардфк мэриясы тарабынан  ишке ашырылууда. Объекттердин пайдаланууга берилиши Баткен шаарынын калкын сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.