ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Ислам Халилов келе жаткан 22-декабрь — Энергетиктер күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, бул күн өлкөнүн өнүгүүсүнө тынчтыкта, үзгүлтүксүз кызмат кылып келе жаткан эмгекчил, кесипкөй адистер үчүн өзгөчө маанилүү дата экенин баса белгиледи.
Ал энергетика тармагы — мамлекеттин коопсуздугу, экономикасынын туруктуулугу жана калктын жашоо сапаты үчүн эң маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, айрыкча кыштын катаал шарттарында да элди жарык жана жылуулук менен камсыз кылып турган энергетиктердин эмгеги баа жеткис экенин айтты.
«Ар бириңиздерге бекем ден соолук, жарык маанай каалап, элибизге жарык жана жылуулук тартуулаган кызматыныздар ийгиликтүү болсун!» — деп өз куттуктоосун жыйынтыктады.