2026-жылдын 22-июнунда катталган селдин кесепетинен үзгүлтүккө учураган электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча “КУЭТ” ААКтын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери түнү бою авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында бүгүн, 23-июнда таңкы саат 05:00–05:30 чамасында Баткен шаарынын жана Баткен районунун негизги бөлүгүнө электр энергиясы кайрадан берилди.
Учурда адистер Баткен шаарынын айрым бөлүктөрүн, ошондой эле Баткен районундагы Бужум, Жаңы-Жер жана Чек айылдарын электр энергиясы менен толук камсыздоо багытында иштерди улантууда. Электр жабдуулары текшерилип, селден жабыркаган объектилерде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кырдаалга байланыштуу “Кыргызстан УЭТ” ААКтын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Баткен облусуна келип, селдин кесепеттерин жоюу жана электр энергиясын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ал авариялык-калыбына келтирүү иштерине тартылган кызматкерлер менен жолугуп, иштерди ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Энергетиктер бардык керектүү атайын техника, электр жабдыктары менен камсыздалган.