Колл - борбор: 105,1209

Электр эсептегичтер боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курсу өткөрүлдү

27 Март 2026 ж.

“КУЭТ” ААКнын Окуу борборунун 2026-жылга карата түзүлгөн план-графигинин негизинде Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында 2026-жылдын 23-мартынан 27-март кундөрү электр эсептегичтерди орнотуу жана тейлөө боюнча адистерге окуу курсу өткөрүлдү.

 Окутууга Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Лейлек жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын  электр эпкерлери катышып, 5 күндүн ичинде өздөрүнүн теориялык жана практикалык билимдерин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

 Окуу программасынын жүрүшүндө катышуучуларга заманбап эсепке алуу шаймандарын орнотуу, эксплуатациялоо, техникалык тейлөө, ошондой эле АСКУЭ системасынын иштөө принциптери боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Мындай окутуулар кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттырууга, иш сапатын жакшыртууга жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоодо жогорку натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөт.