Колл - борбор: 105,1209

Жаңы Достук айылын электр энергиясы менен камсыздоо иштери дээрлик аяктап калды

8 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында өлкөнүн ар бир аймагында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана кеңейтүү иштери ырааттуу түрдө улантылууда.

 Бул иш-чаралардын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген иш-план боюнча Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Баткен облусунун жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ири долбоорлор ишке ашууда.

 Учурда Жаңы-Достук айылын электр энергиясы менен камсыздоо иштери дээрлик аяктап калды.

 Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен РЭТи тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан "Овцекомплекс" багыты боюнча жаңы 10 кВ аба чубалгы курулду.
Анын алкагында:

  • 114 даана электр мамычасы орнотулду;
  • 4 чакырым узундуктагы жогорку чыңалуудагы аба чубалгы тартылды.

Ошондой эле, калкты туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында:

  • Кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону орнотулду;
  • 217 даана жаңы электр мамычасы коюлду;
  • 9,3 чакырым узундуктагы 0,4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары тартылды.

Учурда ар бир турак үйгө электр эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

 

Белгилей кетсек, Жаңы Достук айылына 188 турак үйдүн курулушу пландалган. Бул долбоордун ишке ашуусу менен айыл тургундары туруктуу жана коопсуз электр энергиясына менен толук камсыздалат.