Колл - борбор: 105,1209

Раззаков айылындагы жаңы конушту электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 98%га аткарылды

9 Сентябрь 2025 ж.

 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жаңы конуштарды сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырмасынын алкагында   “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан  ири инфраструктуралык иштер аткарылды.

 Баткен облусунун Раззаков айылында курулуп жаткан жаңы конушту  электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери  98% га  аткарылды.  Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү РЭТ  тарабынан  88 даана темир-бетон электр мамылары орнотулду.  350 метр 10 кВ аба чубалгылары тартылып,   2200 метр  узундуктагы 0.4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары орнотулду. Аны  менен катар  10/0,4 кВ - 250 кВА кубаттуулуктагы көмөкчү  чордон орнотулду.  Жаңы конуштагы 60 турак үйгө   электр эсептегичтер  орнотулду.  Калган иштерди октябрь айына чейин толук аткарып бүткөрүү пландалууда.

 

Ири масштабдагы бул иштер,  жаңы конуштагы жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга жана региондордун инфраструктуралык өнүгүүсүнө салым кошот.