Лейлек районунун Самат айылында жайгашкан КТП-023 "Самат" 10/0,4 кВ 250 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордону жаңы, заманбап жана техникалык талаптарга жооп берген ГКТП-10/0,4 кВ 400 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордонуна алмаштырылды. Бул иштер "КУЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү РЭТи тарабыган капиталдык курулуш планына ылайык аткарылды.
1972-жылы пайдаланууга берилген бул көмөк чордон аймактын негизги электр булагы болуп саналат. Ал Самат айылынын борбордук бөлүгүн электр энергиясы менен камсыздап, узундугу 6,12 чакырымды түзгөн 0,4 кВ аба чубалгылары аркылуу жалпысы 102 абонентке, анын ичинен 83 калк абонентер жана 19 калк эмес абонентке туруктуу электр энергиясын жеткирип келген.
Эски көмөк чордондун ордуна заманбап талаптарга жооп берген ГКТП-10/0,4-400 кВа типтеги жаңы көмөк чордону орнотулду. Бул жаңылануу менен электр энергиясын берүүдө туруктуулук жана коопсуздук жогорулап, айыл тургундарынын, социалдык объекттердин, ошондой эле чарбалык керектөөчүлөрдүн электр энергия менен камсыздалышы кыйла жакшырды.
Белгилей кетсек, Сүлүктү электр тармактар ишканасы учурда Сүлүктү шаарынын тургундарын, социалдык объекттерин, ишкана-мекемелерин, көмүр кен казуучу ишканаларды, ошондой эле Лейлек районунун Чимген, Калта-Кол, Беш-Бала, Кара-Таш, Самат, Ак-Босого жана Булак-Башы айылдарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздап келет.