Колл - борбор: 105,1209

Максат айылы толугу менен электр энергиясы менен камсыз болду

15 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жаңы конуштарды сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырмасынын алкагында   “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан  ири инфраструктуралык иштер аткарылды.

Бул иш-чаралардын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген иш-план боюнча Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Баткен облусунун жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ири долбоорлор ишке ашууда.

 Лейлек районунун Максат айылында курулуп жаткан жаңы конушту  электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери  аяктады    Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү РЭТ  тарабынан  17 даана темир-бетон электр мамылары орнотулду. 0,1 чакырым  6  кВ аба чубалгылары тартылып,  0,7 чакырым   узундуктагы  СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары орнотулду. Аны  менен катар  10/0,4 кВ - 160 кВА кубаттуулуктагы көмөкчү  чордон орнотулду.  Жаңы конуштагы 16 турак үйгө   электр эсептегичтер  орнотулду.

 Айылдын түнкү коопсуздугун камсыздоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу максатында 0,7 чакырым аба чубалгысы тартылып, 18 даана прожектор орнотулду.

 Аткарылган бул иштердин натыйжасында Максат айылы толук кандуу электр энергиясы менен камсыз болду.